Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-августу № 2
Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин “атайын каражатына” кошумча план бекитүү жөнүндө
Нарын шаарынын 2013-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө шаардык билим берүү, маданият жана коммуналдык тейлөө мекемелеринин “атайын каражаттарына” (спец.счет) кошумча акча каражаттары түшүп жаткандыгына байланыштуу, “атайын каражатка” кошумча план бекитүү жөнүндөгү Нарын шаардык финансы бөлүмүнүн 14.08.2013-жылдагы № 02/128 сунуш катынын негизинде Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик укуктун негизги принциптери», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык, экономикалык негиздери жөнүндөгү” Мыйзамдарын жетекчилике алып Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын шаардык билим берүү, маданият жана коммуналдык тейлөө мекемелеринин “атайын каражаттарына” (спец.счет) кошумча акча каражаттары түшүп жаткандыгына байланыштуу 2013-жылдын жергиликтүү бюджетинин “атайын каражатына” кошумча 3128,0 миң сом акча каражаты бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Токтомду аткаруу Нарын шаардык финансы бөлүмүнүнө (Ж.Урустемов) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
Э.Турсуналиев |