Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-августу № 3
Нарын шаарынын 145 жылдыгы менен катар Турдуке баатыр жана Хан Карымшактын 200 жылдык
маарекесин өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
2013-жылдын 17-сентябрында Нарын шаарынын негизделишинин 145 жылдык мааракесин өткөрүүгө макулдук берүү жана Нарын шаарынын 145 жылдыгы менен катар Турдуке баатыр жана Хан Карымшактын 200 жылдык мааракелерин өткөрүү тууралуу туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2013-жылдын 17-сентябрында Нарын шаарынын негизделишинин 145 жылдык мааракесин өткөрүүгө макулдук берилсин жана жыл сайын 17-сентябрь Нарын шаарынын күнү катары белгиленсин.
2. Нарын шаарынын 145 жылдыгы менен биргеликте Турдуке баатыр жана Хан Карымшактын 200 жылдык мааракелери өткөрүлсүн.
3. Турдуке баатыр жана Хан Карымшактын айкелдерин тургузуу үчүн жер аянтын аныктап берүү жагы Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу” жана “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4. Токтомду аткаруу Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевге милдеттендирилсин.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
Э.Турсуналиев |