Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-августу № 4
Нарын шаардык мэриясы 2013-жылдын 15-августунда шаардык Кеңешке №03/1168-сунуш каты менен кайрылышкан. Анда, Нарын шаарынын РТС аймагындагы көйгөйлүү бир катар маселелерди чечүүгө “Хьюман Эппиел Интернейшнл” кайрымдуулук фондунун Бишкектеги филиалынын жана филиалдын директору Али-Айоуб мырза тарабынан алгылыктуу иштер аткарылып, аталган аймактын суу насосу толугу менен 200,0 миң сом акча каражатына алмаштырылган. Бүгүнкү күндө“Хьюман Эппиел Интернейшнл” кайрымдуулук фонду тарабынан РТС аймагындагы Самансур-Ата, Осмонов, Бөлөбалаев,Турусбеков, Кең-Булуң көчөлөрүно таза суу тартуу иштери башталып, сметалык наркы 3,7 млн. сомду тузгөн .1 насостук станция, 5 суу алуучу калонка,11 кудукча(колодец) орнотулуп, жалпысы 3,5км жерге таза суу түтүктөрү тартылуу менен РТС аймагынын 2500-3000 адамы таза суу менен камсыз боло тургандыгы белгиленген.
Аталган кайрымдуулук фонду үстүбүздөгү жылдын 19-21-майында Нарын шаарында болуп өткөн каттуу шамалдын кесепетинен зыянга учураган №1 Т.Сатылганов орто мектебинин чатырчасын калыбына келтирүүгө 750,0 миң сом акча каражатын бөлүп, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, мындан сырткары 2014-жылы Чыгыш аймагына 1 бала бакча, №10 орто мектебинин спорт залын курууну, Б.Жапаралиев атындагы паркын толук реконструкциялоо иштерин аткарууну пландаштырып жаткандыгын билдирүү менен Нарын шаарынын Чыгыш аймагын “ Кыргызстан- Бириккен Араб Эмираттары элдеринин Достук “ аймагы деп атоого шаардык Кенештин сессиясында карап, колдоп берүүнү өтүнгөн. Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы ”Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын кароосуна коюлуп, каралган.
Нарын шаарынын Чыгыш аймагына“ Кыргызстан- Бириккен Араб Эмираттары элдеринин Достук аймагы” атын берүү жөнүндөгү Нарын шаардык мэриясынын сунушунун жана шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Нарын шаарынын “Чыгыш” (РТС) аймагы мындан ары- “ Кыргызстан- Бириккен Араб Эмираттары элдеринин Достук “ аймагы деп аталсын.(чек арасы: Шаркыратмадан-Сейил Булакка чейин)
2. Аталган аймактын инфростуртурасын жакшыртуу, инженердик -коммуникациясын куруу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү “Хьюман Эппиел Интернейшнл” кайрымдуулук фондуна жана Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевге милдеттендирилсин.
3. “Хьюман Эппиел Интернейшнл” кайрымдуулук фонду менен биргеликте 2013-2014-жылдардагы аткарылуучу иштердин иш чараларын аныктап, Мыйзамга ылайык эки тараптуу атайын өз ара келишимдерди түзүү жана шаардык Кеңештин сессиясына маалымат берүү Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевге тапшырылсын.
4.Токтомду аткаруу Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевге милдеттендирилсин. 5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
Э.Турсуналиев |