Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин XXVI чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясы
2013-жылдын 26-августу № 5/1
Кыдырмаев Канатбек Кыдырмаевичке Нарын шаарынын
«Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыдырмаев Канатбек Кыдырмаевич 1949-жылы Нарын шаарындагы педагогикалык атайын орто окуу жайына тапшырып,1953-жылы ийгиликтүү аяктап, башталгыч класстын мугалими деген адистикке ээ болгон.Андан соң билимин жогорулатуу максатында 1960-жылы В.И. Скрябин атындагы Кыргыз Айыл Чарба Институтунун ветеринария факультетине кирип,1965-жылы бүтүргөн.Жогорку окуу жайын аяктаган соң Тянь-Шань районундагы Жданов атындагы колхоздо башкы ветврач болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган.1972-жылы Тянь_Шань райондук ветеринардык станцияда начальниктин орун басары кызматын аркалаган.1973-1976-жылдар аралыгында Тянь-Шань асыл тукум мал чарба станциясында башкы ветврачы болуп иштеген.1976-1990-жылдары Тянь-Шань ветстанциясында начальниктин орун басары,1991-1994-жылдары шаардык ветеринариялык станциянын начальниги, 1994-96-жылдары Нарын облустук ветеринардык лабароториясынын бөлүм башчысы болуп эмгектенип, бүгүнкү күндө ардактуу эс алууда.
Кыдырмаев Канатбек Кыдырмаевичтин көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып,Кыргызстан профсоюздар бирлигинин «Ардак грамотасы», КРнын элдик көзөмөлдөө комитетинин «Ардак грамотасы», Кыргыз Республикасынын ветеринария департаментинин Сыйлоо баракчасы,Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын грамотасы, Нарын облустук маданият башкармасынын Ардак грамотасы,В.И.Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалына татыктуу болгон.
Жогорудагылардын негизинде Кыдырмаев Канатбек Кыдырмаевичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Нарын шаардык мэриясынын сунушу менен депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын шаарындагы айыл чарба тармагындагы үзүрлүү эмгектери үчүн Кыдырмаев Канатбек Кыдырмаевичке Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык Кыдырмаев Канатбек Кыдырмаевичке атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
Э.Турсуналиев |