Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-августу № 5/2
Дүйшөналиев Акылбекке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Дүйшөналиев Акылбек 1957-жылы туулган. Мектепти аяктаган соң 1982-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Институтунун дарылоо факультетин аяктап, 1 жылдык интернатурасын Республикалык клиникалык ооруканасында өтөгөн. Эмгек жолун 1983-жылдан 1988-жылга чейин Ат Башы районуна караштуу Ак Муз айылдык ооруканасында башкы дарыгер болуп иштөө менен баштаган.Саламаттыкты сактоодо жүргүзүлгөн реформанын негизинде облустук тери- венерикалык диспансери жоюлуп, Нарын облустук ооруканасына кошулуп, 2002- жылдан 2004-жылга чейин бөлүм башчы болуп эмгектенген. 2004-жылдан 2006-жылга чейин Нарын облустук ден соолукту чыңдоо борборунда директор болуп эмгектенген.2006-жылдан баштап ушул мезгилге чейин Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунда директор болуп иштеп келе жатат.
Саламаттыкты сактоо тармагындагы эмгектери үчүн КРнын Саламаттыкты сактоосунун «Ардактуу кызматкери», Кыргыз республикасынын Саламаттык сактоо Министрлигинин жана облустук администрациясынын «Ардак грамоталары» менен сыйланган.
Жогорудагылардын негизинде Дүйшөналиев Акылбекке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун эмгек жамаатынын сунушун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Саламаттыкты сактоо тармагындагы көп жылдык эмгектери жана жетишкендиктери үчүн Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Дүйшөналиев Акылбекке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык Дүйшналиев Акылбекке атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
Э.Турсуналиев |