Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-августу № 5/3
Абдукаримов Эшмухаммед Абдыжапаровичке Нарын шаарыныны
«Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Абдукаримов Эшмухаммед Абдыжапарович 1952-жылы 4-декабрда Нарын шаарында туулган. Өзүнүн эмгек жолун 1972-жылы Фрунзедеги Политехникалык Техникумду аяктаган соң Нарын электр тармактар ишканасында релелик коргоо жана автоматика кызматында электрэпкерликтен баштаган.1974- 1980-жылдары Фрунзедеги Политехникалык Институтун сырттан окуп бүтүргөн. 1974-1975-жылдары ушул эле ишкананын өндүрүштүк кызматында инженер,1975-жылдан 1978-жылга чейин релелик коргоо жана автоматика кызматында устат болуп иштеген. 1978-1992-жылы Кыргызэнергонун энергосатуу ишканасынын Нарын облустук бөлүмүндө нускагер, ага нускагер, нускагерлер тайпасынын жетекчиси, 1992-2001-жылдары энергосатуу бөлүмүнүн башчысы,2001-жылы июнь айында энергосистемада болуп өткөн реструктуризациядан кийин Чыгышэлектр ААКнун Нарындагы филиалынын энергосатуу бөлүмүн 2008-жылдын май айына чейин жетектеген.2008-жылы май айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин ушул эле ишкананын шуту тезкемерлик кызматында - тезкемер.
Электр тармактар жаатындагы көп жылдык эмгектери үчүн Кыргызэнергонун жана ишкана тарабынан көп жолку Ардак грамоталар менен сыйланган.
Жогорудагылардын негизинде Абдукаримов Эшмухаммед Абдыжапаровичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү «Чыгышэлектр» ААКнун Нарындагы филиалынын сунушуна ылайык депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Электр тармактар жаатындагы көп жылдык үзүрлүү эмгектери жана кошкон салымдары үчүн Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Абдукаримов Эшмухаммед Абдыжапаровичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык Абдукаримов Эшмухаммедге атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
Э.Турсуналиев |