Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-августу № 5/4
Абылов Күмөндөр Мукуловичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Абылов Күмөндөр Мукулович 1958-жылы 30-августта Нарын облусундагы Тянь-Шань районуна караштуу Учкун айлында туулган.Мектепти аяктаган соң Токмок шаарындагы маданият окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүнө тапшырган. 1976-1978-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1989-жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр-институтунда «Театр жана кино актеру» бөлүмүндө сырттан окуган. 1993-жылы 3-декабрда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наамын ыйгарышкан.2000-жылдан ушул күнгө чейин Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында актер болуп эмгектенип келе жатат.
Маданият тармагындагы жемиштүү жетишкендиктери үчүн 1981-жылы жылдын «Мыкты актеру»,1984-жылы Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамотасы», 1993-жылы Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиңирген Артисти» наамына ээ болгон.
Жогорудагылардын негизинде Абылов Күмөндөр Мукуловичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө Нарын райондук маданият үйүнүн эмгек жамаатынын сунушу менен депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Маданият тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгектери жана жетишкендиктери үчүн Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Абылов Күмөндөр Мукуловичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык Абылов Күмөндөр Мукуловичке атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
Э.Турсуналиев |