Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-августу № 5/5
Мамбетсеитов Мукамбетке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Мамбетсеитов Мукамбет 1946-жылы 3-январда Нарын шаарында туулган.1975-жылы Фрунзедеги Кыргыз Мамлекттик Университетинин тарых факультетин аяктаган.Жогорку категориядагы мугалим.Өзүнүн эмгек жолун 1964-жылы Нарын шаарындагы №1-Токтогул атындагы орто мектепте улуу пионер-вожатый болуу менен баштаган. 1966-67-жылдары Нарын шаардык пионерлер үйүнүн директору, 1968-70- жылдары Маданият үйүнүн директору, 1970-1972-жылдары Нарын шаарындагы №87- кесипчилик –техникалык окуу жайында тарбиячы, 1972—1974-жылдары Токтогул орто мектебинде тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана тарых сабагы боюнча мугалим.1974-1975-жылдары Нарын облустук билим берүү бөлүмүнүн методисти, 1975-1979-жылдары Нарын шаарындагы №87-кесипчилик техникалык окуу жайында тарбиячы, 1979-1983-жылдары Токтогул атындагы орто мектебинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары, 1983-1997-жылдары Нарын педагогикалык окуу жайында тарбия иштери боюнча директордун орун басары,1999-2002-жылдары Нарын районундагы 8-март орто мектебинин директору.2002-2003-жылдары Нарын шаарындагы Киров орто мектебинин директору, 2003-2004-жылдары Нарын шаарындагы М.Сыдыков орто мектебинде окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары, 2004-жылдан өмүрүнүн акырына чейин ушул эле мектепте тарых жана музыка сабактары боюнча мугалим болуп эмгектенген.
Жогорудагылардын негизинде маркум Мамбетсеитов Мукамбетке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Билим берүү тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгектери жана жетишкендиктери үчүн Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан маркум Мамбетсеитов Мукамбетке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык маркум Мамбетсеитов Мукамбетке атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
Э.Турсуналиев |