Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-августу № 5/6
Жээналиев Токтожумага Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Жээналиев Токтожума 1933-жылы 9-майда Тогуз-Торо районунун Арал айылында туулган.1951-жылы Казарман айылынын он жылдык мектебин аяктаган соң Жалал-Абад шаарындагы мугалимдер Институтун Артыкчылык диплому менен аяктаган.Өзүнүн эмгек жолун Казарман орто мектебинде мугалим болуп иштөө менен баштаган.Андан соң райондук комсомол комитетинде орун басар болуп которулган.1955-жылдан 1958-жылга чейин Кызыл Армиянын катарында кызмат өтөгөн.1959-жылы облустук Комсомол Комитетинин жолдомосу менен ички иштер органдарында иштей баштаган.1962-жылы Алма Ата шаарындагы милициянын атайын орто мектебин аяктаган соң областтык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн оперуполномоченный, 1963-жылы Тогуз-Торо, Ак Талаа РИИБдеринде ага уполномочен болуп иштеген.1963-1971-жылдары АкТалаа РИИБнин начальниги, 1971-1972—жылдары Нарын ОИИБнин КИБдин начальниги,1975-1981-жылдары Нарын ОИИБнин начальнигинин орун басары,1981-87-жылдары НарынОИИБнин начальниги болуп иштеп келген.1984-жылы милициянын генерал-майору наамына ээ болгон.1986-1996-жылдары КРнын ИИМдин даярдоо борборунда начальник болуп үзүрлүү эмгектенип келген.Ошондой эле райондук Кеңештин депутаты, обкомдун мүчөсү, облустук Кеңештин депутаты СССР милициясына эмгек сиңирген кызматкер төш белгисинин ээси.1977-жылы СССР Жогорку Кеңешинин Указы менен «Эмгек Кызыл Туу» ордени жана “Эң жакшы эмгеги “ 32 даана төш белги менен сыйланган. 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен «Эмгек сиңирген юрист» Ардактуу наамынын «Милициянын отличниги», «Билим берүүнүн отличниги» наамдарынын ээси. ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясында профессор болуп үзүрлүү эмгектенип келүүдө.ИИМдин согуштун жана эмгектин Ардагерлер Кеңешинин төрагасы.Нарын облусунун «Ардактуу атуулу».2010-жылдан бери 1-май районунун Согуштун жана эмгектин Ардагерлер Кеңешинин төрагасы болуп эмгектенип келүүдө.
Жогорудагылардын негизинде Жээналиев Токтожумага Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Нарын шаардык мэриясынын сунушу менен депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Облустук, райондук ички иштер тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгектери жана жетишкендиктери үчүн Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан милициянын генерал-майору, ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясында профессору Жээналиев Токтожумага Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык Жээналиев Токтожумага атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
Э.Турсуналиев |