Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-августу № 5/7
Төлөгөнова Асылга Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Төлөгөнова Асыл 1958-жылы 15-августа Нарын шаарында туулган.Мектепти аяктаган соң 1976-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медицина Институнун педиатрия факультетине тапшырып,1982-жылы ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы Нарын шаарында балдар ооруканасында врач- педиатр дарыгер катарында интернатураны 1983-жылы аяктаган.1983-жылы Нарын облустук ооруканасында балдар дарыгери болуп кабыл алынган. 1985-жылы Нарын облустук наркологиялык диспансерине бөлүм башчы болуп иштеген. 2002-жылы Нарын шаардык ҮМБда облустук координатор, дарыгер-психиатр болуп дайындалып, азыркы учурга чейин эмгектенип келүүдө.Медицина тармагындагы эмгектери эске алынып, 1999-жылы Кыргыз Республикасын Саламаттык сактоонун «Ардактуу кызматкери» Нарын шаардык Кеңешинин жана мэриясынын «Ардак грамотасы» менен сыйланган.
Жогорудагылардын негизинде Төлөгөнова Асылга Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун эмгек жамаатынын сунушун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Саламаттыкты сактоо тармагындагы көп жылдык эмгектери жана жетишкендиктери үчүн Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Төлөгөнова Асылга Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык Төлөгөнова Асылга атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
Э.Турсуналиев |