Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-августу № 5/9
Сырдыбаева Сыяпат Саадабаевнага Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Сырдыбаева Сыяпат Саадабаевна 1966-жылы 1-августа Нарын шаарында туулган. Мектепти аяктаган соң 1983-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медицина Институтунун педиатрия факультетине тапшырып, 1989-жылы аяктаган.1989-1990-жылдары Ысык-Көл облустук балдар ооруканасында, 1990-жылдан 1991-жылга чейин Ысык Көл облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын Нарын шаары боюнча жугуштуу оорулар бөлүмүндө врач-ординатор,1991-1992-жылдары Нарын облустук балдар ооруканасында неврология бөлүмүнүн башчысы,1992-1993-жылдары НОДБнын реанимация бөлүмүндө дарыгер-реаниматолог,1993-2002-жылдары НОДБнын кардиопульмонология бөлүмүнүн башчысы, 2002-2004-жылдары Нарын облустук СЭСтин иммунология бөлүмүнүн башчысы,2004-жылы Нарын облустук мамлекеттик санэпиднадзор борборунда башкы дарыгердин орун басары, 2008-жылы Нарын райондук мамлекеттик санэпиднадзор борборунда облусту координациялоо милдети менен башкы дарыгердин орун басары болуп эмгектенип келген.
Сырдыбаева Сыяпаттын эмгектери бааланып, «Саламаттыкты сактоонун отличниги», облустук, райондук мамлекеттик администрациялардын «Ардак грамоталары», КРнын саламаттык сактоонун профсоюз кызматкерлеринин борбордук комитетинин президиумунун «Ардак Грамотасы» ,2025 Аскердик бөлүгүнүн» Нарын шаардык мэриясынын «Ардак Грамоталары» менен сыйланган. Запастагы офицер-лейтенант.
Жогорудагылардын негизинде Сырдыбаева Сыяпат Саадабаевнага Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Нарын райондук мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эмгек жамаатынын сунушун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Саламаттыкты сактоо тармагындагы көп жылдык эмгектери жана жетишкендиктери үчүн Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Сырдыбаева Сыяпат Саадабаевнага Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык Сырдыбаева Сыяпат Саадабаевнага атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
Э.Турсуналиев |