Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-августу № 5/10
Шамыратов Эркинбек Бекболотовичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Шамыратов Эркинбек Бекболотович 1971 -жылы Тянь-Шань районуна караштуу Эмгекчил айылдында туулган.1988-жылы Эмгекчил орто мектебин аяктагандан ошол эле жылы Нарын шаарындагы №88- ПТУдан окуп 1989-жыцлы16-июнда автомобилди оңдоо,слесарь кесиби боюнча боюнча кесипчилик-техникалык орто окуу жайынын толук курсун орто билимдин негизинде бүтүргөн.Ушул эле жылы Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.1993-жылдан 1996-жылга чейин Балыкчы шаардык сельхозхимия ишканасында жүк ташуучу болуп иштеген. 1998-жылдан 2000-жылга чейин Нарын коммуналдык ишканасында күзөтчү болуп иштеген. 2000-жылдын 4-апрелинде № 73809 Аскер бөлүгүндө мастер болуп кызмат өтөгөн.2000-жылдын 11-авустунда инструктор болуп Баткен согушуна катышкан.Баткен согушундагы көрсөткөн эрдиктери үчүн КРнын Президентинен Ыраазычылык кат алган.1990-2000 –жылдардагы эрдиги үчүн 20010-жылы «Эрдик үчүн» төш белгиси менен сыйланган.
Жогорудагылардын негизинде Шамыратов Эрктнбекке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Республикалык Баткен согушунун жоокерлер Кеңешинин сунушу менен депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сессияга катышкан депутаттардын тиешелүү добушуна ээ болбогондуктан Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган жок.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
Э.Турсуналиев |