Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-августу № 5/11
Токтосунов Калыйга Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Токтосунов Калый 1937-жылы Нарын шаарында туулган.Өзүнүн эмгек жолун 1965-жылы Нарын шаарындагы профтех окуу жайында мастер болуу менен баштаган.1966-1967-дылдары Тянь-Шань районундагы «Коммунизм» колхозунда башкы инженер,1967-1970-жылдары Куланак сел ПТУда мугалим, 1970-1971-жылдарда Тянь - Шань мал чарба станциясында механикалык матерскаянын башчысы болуп иштеген.1971- 1995-жылдары Тянь-Шань ПМКсы трест «Нарынводстройдо» механикалык мастерскойдун башчысы болуп эмгектенип келип, 1995-жылдан баштап ардактуу эс алууга чыккан. К.Токтосунов кыргыздын улуу инсандары Ажыбек баатыр,Казыбек казалчы, Арстанбек Буйлаш уулу, Жеңижок акын тууралуу терең иликтеп, адабий-маданий мурастарды жайылтууда активдүү аракеттерин жумшап келүүдө.
Жогорудагылардын негизинде Токтосунов Калыйга Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө өзүнүн сунушу менен депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сессияга катышкан депутаттардын тиешелүү добушуна ээ болбогондуктан Токтосунов Калыйга Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган жок.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
Э.Турсуналиев |