Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-августу № 5/12
Осмоналиев Мирлан Абдрахмановичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Осмоналиев Мирлан Абдрахманович 1972-жылы Нарын облусуна караштуу Ат Башы районунун Ат Башы айылында кызматчынын үй бүлөсүндө туулган. 1979-жылы Ат Башы районундагы №2-орто мектепке кирип,1990-жылы аяктаган. Мектепти аяктаган соң,1990-жылы К.Скрябин атындагы айыл чарба институтуна тапшырган. 1995-жылы «Артыкчылык» диплому менен аяктаган.1995-жылы КРИИМдин экономикага каршы күрөшүү кызматында иштеп, 2001-жылы финансы полициясында , Бишкек шаары боюнча начальник, Чүй облусу боюнча бөлүм башчы кызматтарында иштеген. 2012-жылы Нарын облусуна которулуп, К.К.+.экономикалык кылмыштуулуккакаршы күрөшүүбоюнча мамлекеттик кызматынын Нарын облусу боюнча бөлүмүнүн начальнигиболуп эмгектенип келүүдө.
Осмоналиев Мирланга Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сессияга катышкан депутаттардын тиешелүү добушуна ээ болбогондуктан Осмоналиев Мирланга Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган жок.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
Э.Турсуналиев |