Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-марты № 6
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VI чакырылышынын III сессиясынында коюлган маселелердин карап жана талкулап
Ак-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын жергиликтүү бюджетник киреше жана чыгаша бөлүмдөрү республикалык бюджеттен алынуучу категориалык теңдештирилген гранттардан жана айылдагы топтолуучу салык балактардын эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндө мыйзамыны ылайык айыл өкмөтүнүн 100% өлчөмдөгү акча каражаты түшүп тиешелүү статьяларга Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин буйругунун негизинде берилсин.
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жарандарга берилүүчү аныктамалардан Бодо малдарга кой эчкилерге берилүүчү справкалардан ар бир справка 5 (беш) сомдон печать акы алынып бюджетке төгүлсүн. Мыйзамдын негизинде казына аркылуу чыгышталсын.
2. Ваннага салынган кой эчкилерге 7 (жети) сомдон алынып бюджетке төгүлсүн. Мыйзамдын негизинде казына аркылуу чыгышталсын.
3. Айыл өкмөтүнүн балансындагы эсковатордун акы төлөмүнөн түшкөн акча каражаты бюджетке төгүлсүн. Мыйзамдын негизинде казына аркылуу чыгышталсын.
4. Айыл өкмөтүнүн кызматтык автомашинасы жок болгондуктан, айыл өкмөтүнүн башчысынын № 2666 автомашынасы кызматтык автоуна катары пайдаланып, күйүүчү майга 35 (отуз беш) миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
5. Ак-Жар айылына караштуу сел алып кеткен каналдарга, арыктарды оңдоп тазалоо иштерине 20 жыйырма миң сом акча каражаты бөлүнсүн
6. Семиз бала бакчасындагы тарбияланган балдарга 50 элүү балага 100 жүз сомдон жети айга 35 отуз беш миң сом бөлүнсүн
Семиз балдар бакчасындагы тарбияланган балдардын ата-энелеринен тамак-аш үчүн айына 300 үч жүз сомдон род взнос алынып, счетко төгүлсүн Бул акча каражаты балдардын тамак ашына жумшалсын Семиз балдар бакчасына свет өчкөн маалда Газ боллон колдону үчүн 200 эки миң сом, светке каралган акчадан бөлүнүп берилсин
7. Кргак учук оорун учетко турган адамдарга санаторияга барып дарылануу үчүн барыш-келиш жол киресине 3000 үч миң сом бөлүнүп берилсин
8.Ак-Коктудагы таштанды төгүлүүчү жайды рекультивация жазоо үуүн Ат-Башы айылдык кеңешинин төрагасы К Абдылдаевге, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Ө Жумаковго төгүлгөн таштандыларды көмүү, тазалоо иштерин жүргүзүү боюнча билдирүү жиберилсин
9. Эски мектептин ордуна спорт комплекс куруу үчүн ордун тазалаганга 60 000 алтымыш миң сом бюджеттен акча каражаты каралсын
9. Ак-Жар айылынын элдеринин суроо талаптарынын аткаруу максатында Ак-Жар айылынын айрым тургундары үлүш жеринен сыркары огороддон сырткары, саздан тосулуп алынган огороддору толугу менен муниципиалдык менчикке алынсын. Ак-Жар айылыныни тургундарына уйларына, аттарына, музоолоруна жайыт катары пайдаланышсын. Мыйзамсыз пайдаланып жаткан жайыттарды, огороддорду мыйзамдаштыруу боюнча айыл өкмөтүнүн адистеринен, депутаттардын мүчөлөрүнөн, коомдук уюмдун мүчөлөрүнөн, ак сакалдар сотунун мүчөлөрүнөн жана Ак-Жар айылдык милициянын учаскалык инспектору болуп комиссиянын курамы түзүлсүн.
10. Ак-Жар айылынын үлүшкө алган менчик жерлерине жер ээлери менен эч кандай келишим түзбөгөн Ат-Башы жана Ак-Жар айылынын тургандары малдарын жайып жүрүшөт. 1-апрелинде баштап ички жайыттарга чыгаруу үчүн Aт-Башы жана Ак-Жар айылынын бардык тургундарына чогулуш жасап эскертилсин. 2013-жылдын 1-апрелинен баштап ички жайыттарга көчпөй мал жайып жүргөн айлдык жарандарына ар бир Бодо мал үчүн 500 (беш жүз) сомдон, ар бир кой эчки үчүн 100 (жүз) сомдон айып салынсын.
Ушул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын каттоодон өткөрүп келүү Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Ак-Жар айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Кабылов |