Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-январь № 1-2
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоого карата убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун бюллетендерин саноону жүргүзүүчү убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун бюллетендерин саноону жүргүзүүчү Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынан турган төмөндөгү курамда убактылуу эсептөө комиссиясы түзүлсүн:
Эсептөө комиссиясынын төрайымы: Г.Молдоянова;
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү: И.Бейшеналиев, М.Молдалиев;
2. Эсептөө комиссиясына Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун бюллетендерин саноону калыс, таза жүргүзүү тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына тапшырылсын.
Ат-Башы айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Акматалиев |