Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-марты № 40
Баткен облусундагы Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосунун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жана шайлоо датасын белгилөө жөнүндө | |
|
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Баткен районундагы Дара айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын жана шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2014-жылдын 19-февралындагы протокол жокко чыгарылсын.
2. Баткен облусунун Баткен районундагы Дара айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2014-жылдын 20-мартына дайындалсын.
3. Баткен аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|