Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-февралы № 2-3
Ат-Башы айыл аймагы боюнча айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн жер салыгын эсептөөнүн Кз – зоналык коэффициентинин өлчөмү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагы боюнча айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн жер салыгын эсептөөнүн Кз – зоналык коэффициентинин оптималдуу өлчөмүн аныктап, айылдык кеңешке сунуш берүү жагы Ат-Башы айылдык кеңешинин Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын;
2. Ат-Башы айыл аймагы боюнча айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн жер салыгын эсептөөнүн Кз – зоналык коэффициентинин өлчөмүн бекитүү Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кийинки сессияларына калтырылсын.
Ат-Башы айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Абдылдаев |