Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-февралы № 2-5
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2013-жылга карата калдык акча каражатын пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2013-жылга карата 1 600 512,85 сом калдык акча каражатын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын 18.02.2013-жылдагы №2 токтомунун жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жумаковдун, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2013-жылга карата 1 600 512,85 сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй багыттарда пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
1) Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 20.11.2012-жылдагы №22-8 токтомуна ылайык Ат-Башы айыл өкмөтүнүн карамагына 1 жүк ташуучу автоунаа сатып алууга 500 000 сом;
2) Ат-Башы айылынын квартал башчыларына, Аксакалдар сотунун төрагасына, айылдык кеңештин төрагасына жана айыл өкмөттүн жумушчуларына эмгек акы төлөөгө 587 400 сом;
3) 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы майрамдарга жана даталуу күндөргө байланышкан майрамдык жана спорттук иш чарларды каржылоого 247 000 сом;
4) Күйүүчү-майлоочу майларга 20 000 сом;
5) Өзгөчө кырдаалдарга даярдык боюнча шаймандарды алууга 32 000 сом;
6) Теректерди кыйууга 35 000 сом;
7) Ат-Башы айылындагы сугат арыктарына сооружениелерди курууга 48 000 сом;
8) Ат-Башы айылынын көчөлөрүнө жол белгилерин орнотууга 20 000 сом;
9) Айылдык кеңешке инвентар алууга 100 000 сом;
10) Ар кандай чыгымдарга 11 112,85 сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жумаковдон суралсын.
Ат-Башы айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Абдылдаев |