Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-марты № 3-1
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын 26.03.2013-жылдагы №3 токтомун эске алуу менен Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы бекитилсин;
2. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 63 469 200 (алтымыш үч миллион төрт жүз алтымыш тогуз миң эки жүз) сомду жана чыгаша бөлүгү 62 144 500 (алтымыш эки миллион бир жүз кырк төрт миң беш жүз) сомду түзгөндүгү белгиленсин.
Ат-Башы айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Абдылдаев |