Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-марты № 3-4
Ат-Башы айыл аймагы боюнча тазалык жыйымдын 2013-жыл үчүн өлчөмдөрү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагы боюнча тазалык жыйымдын 2013-жыл үчүн өлчөмдөрү боюнча Ат-Башы айыл өкмөтүнүн киреше боюнча жетектөөчү адиси Б.Курманалиеванын жана Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагы боюнча тазалык жыйымдын 2013-жыл үчүн өлчөмдөрүн карап бекитүү Ат-Башы айылдык кеңешинин кийинки сессиясына калтырылсын;
2. Ат-Башы айыл аймагындагы жалпы 2985 түтүндөн 285 түтүн жыйымды төлөөдөн бошотулсун;
3. Ат-Башы айыл аймагы боюнча тазалык жыйымдын 2013-жыл үчүн өлчөмдөрү убактылуу төмөндөгүдөй бекитилсин:
1) Ат-Башы айыл аймагындагы ар бир түтүн үчүн 70 сом;
2) Күркөлөр үчүн 50 сом;
3) Павильондор, дүкөндөр жана мончолор үчүн 100 сом;
4) Мекеме, ишканалар жана башка юридикалык жактар үчүн 400 сом.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевге милдеттендирилсин.
Ат-Башы айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Абдылдаев |