Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-марты № 3-5
Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин жылытуу системасын ремонттоо долбооруна өздүк салым үчүн каражат бөлүү жөнөндө
Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин жылытуу системасын ремонттоо боюнча долбоорду Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин түрткү берүүчү гранты аркылуу ишке ашырууга өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү тууралуу аталган мектептин директорунун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин жылытуу системасын ремонттоо боюнча долбоорду Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин түрткү берүүчү гранты аркылуу ишке ашырууга өздүк салым үчүн Ат-Баш айыл өкмөтүнүн 2013-жылга бюджетинен 270 000 (эки жүз жетимиш миң) сом бөлүнүп берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевге милдеттендирилсин.
Ат-Башы айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Абдылдаев |