Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2013-жылдын 10-июлу № 4-1
Ат-Башы айылдык кеңешинин Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү жөнүндө
Ат-Башы айылдык кеңешинин Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын жана айыл өкмөттүн Жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча секторунун Ат-Башы айыл аймагында курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу багытында жазалып жаткан иштер боюнча билдирүүлөрү жана Ат-Башы айылынын М.Өмүракунов көчөсүнүн Автобекеттен Ой-Терскен көчөсүнө чейинки бөлүгүнө жеңил курулуштагы жана көчмө соода түйүндөрүн менчигинин түрүнө карабастан жол боюндагы баардык жерлерге жайгаштырууга тыюу салуу жөнүндөгү Ат-Башы айылдык кеңешинин Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын 04.07.2013-жылдагы №1 токтому менен таанышып жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылынын М.Өмүракунов көчөсүнүн Автобекеттен Ой-Терскен көчөсүнө чейинки бөлүгүнө жеңил курулуштагы жана көчмө соода түйүндөрүн менчигинин түрүнө карабастан жол боюндагы баардык жерлерге жайгаштырууга мыйзам чегинде тыюу салынсын;
2. Бул күнгө чейин жогорудагы аймактагы муниципалдык менчиктеги жерлерге орнотулган көчмө соода түйүндөрү жердин ижара мөөнөтү бүтүшү менен алдырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн Жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси М.Ногойбаевге тапшырылсын.
Ат-Башы айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Абдылдаев |