Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июлу № 4-4
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн Жерге укукту берүү боюнча комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы өкмөтүнүн Жерге укукту берүү боюнча комиссиясынын курамы боюнча Ат-Башы айыл өкмөтүнүн сунушу менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 Токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү» Типтүү Жобонун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы өкмөтүнүн Жерге укукту берүү боюнча комиссиясы төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:
1) Комиссиянын төрагасы: Ат-Башы айылдык кеңешинин Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Бейшеналиев;
2) Комиссиянын катчысы: Айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси М.Ногойбаев башчысы;
Комиссиянын мүчөлөрү:
3) Ат-Башы айылдык кеңешинин Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Т.Каденов;
4) Ат-Башы айыл өкмөтүнүн юристи У.Кадыркулов;
5) Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын адиси (макулдашуу боюнча);
6) Ат-Башы райондук шааркуруу жана архитектура башкармалыгынын адиси (макулдашуу боюнча)
7) Айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Д.Сулайманов.
Ат-Башы айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Абдылдаев |