Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июлу № 4-7
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетинин 2012-жылы жазаган иштери жана 2013-жылга жайыт акылардын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетинин 2012-жылы жазаган иштери жана жайыт комитеттин 2013-жылга бюджети боюнча жайыт комитеттин төрагасы Ж.Кожобердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетинин 2012-жылы жазаган иштери жактырылсын;
2. Ат-Башы айыл аймагы боюнча 2013-жылга жайыт акылар төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө бекитилсин:
А) 1 баш бодо малга 1 жылга 70 (жетимиш) сом;
Б) 1 баш кой-эчкиге 1 жылга 25 (жыйырма беш) сом.
3. Жай мезгилинде алыскы жайытка убагында көчүрүлбөгөн же айдоо жерге кирген малдар үчүн ар бир күн үчүн төмөндөгүдөй айып акылар белгиленсин:
А) 1 баш бодо малга 140 (бир жүз кырк) сом;
Б) 1 баш кой-эчкиге 50 (элүү) сом.
Ат-Башы айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Абдылдаев |