Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июлу № 4-8
Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү мурдагы маданий борбордогу турак жайлар жөнүндө
Ат-Башы райондук жайыт бөлүмүнүн С.Сатиевдин Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү мурдагы маданий борбордогу турак жайлар Ат-Башы айыл өкмөтүнүн балансасында тургандыктан аларды менчикке бербей, жалпы райондун элинин кызыкчылыгы үчүн айыл өкмөттүн муниципалдык менчигинде калтырып, малчыларды тейлеген медиктер, ветврачтар, айдоочулар жана башка кызмат көрсөтүүчү адистер үчүн убактылуу пайдалануучу турак жай катары калтыруу боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү мурдагы маданий борборго тиешелүү Ат-Башы айыл өкмөтүнүн балансасында турган турак жайлар боюнча маселени кароо баардык жагдайларды иликтөө, тактоо менен кийинки сессияга калтырылсын.
Ат-Башы айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Абдылдаев |