Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июлу № 4-13
Ат-Башы айылына трансформаторлорду орнотууга бөлүнгөн акча каржаты жөнүндө
Ат-Башы айылына электр трансформаторлорун орнотууга бөлүнгөн акча каражатын 2013-жылдын 4-кварталынан 3-кварталына жылдыруу боюнча айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылына электр трансформаторлорун орнотууга айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнгөн 350 000 сомду 2013-жылдын 4-кварталынан 3-кварталына жылдырып берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Абдылдаев |