Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июлу № 4-14
Ат-Башы дайрасынын нугун бурууга каралган акча каражатын башка чыгымдарды каржылоого которуу жөнүндө
Ат-Башы дайрасынын нугун буруу иши натыйжасыз болгондуктан, аталган дайрасынын нугун бурууга Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинен каралган 250,0 миң сомду башка чыгымдарды каржылоого которуу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы дайрасынын нугун бурууга Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинен каралган 250,0 миң сом акча каражаты төмөндөгү чыгымдарды каржылоого которулсун:
1) Ат-Башы айылына футбол аянтын курууга 210,0 миң сом;
2) Ат-Башы айылынын көчөлөрүнө шагыл төгүп, түздөтүү иштерин аткарууга кошумча 40,0 миң сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Абдылдаев |