Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-сентябры № 5-1
Ат-Башы айылындагы жаңы курулуп жаткан футболдук аянтчага акча каражатын статьядан статьяга которуп берүү жөнүндө
Ат-Башы айылындагы жаңы курулуп жаткан футболдук аянтчага жетпеген акча каражатын статьядан статьяга которуу боюнча айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылындагы жаңы курулуп жаткан футболдук аянтчага 300 000 (үч жүз) миң сом кошумча акча каражаты, Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бекитилген бюджетинин башкаруу аппараты боюнча 70111 бөлүгүнүн 3111 статьясынан 2215 статьясына которулуп берилсин.
2. Акча каражатын статьядан статьяга которуп берүү жагы райондук финансы жана казына бөлүмдөрүнөн суралсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Абдылдаев |