Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-сентябры № 5-2
Ат-Башы айылынын ичиндеги жол курулушун көзөмөлдөө боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Ат-Башы айылындагы борбордук М. Өмүракунов атындагы көчөнү реконструкциялоо боюнча айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 32-статьясына ылайык, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылындагы борбордук М. Өмүракунов атындагы көчөнү реконструкциялоо жумушу бүткөнгө чейин "Автотрансстрой" ишканасынын ишин көзөмөлдөө үчүн Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын ичинен төмөндөгүдөй курамда убактылуу комиссия түзүлсүн:
Ж.Жумаков- комиссиянын төрагасы
К.Айдыралиев - комиссия мүчөсү
Б.Ибраев - комиссия мүчөсү
И.Бейшеналиев -комиссия мүчөсү
М.Акматалиев -комиссия мүчөсү
Ж.Курмангалиев - комиссия мүчөсү
Н. Ясинова - комиссия мүчөсү
2. "Автотрансстрой" ишканасынын ишинин жүрүшү боюнча маалыматтарды айылдык Кеңешинин депутаттарына жана тиешелүү органдарга берип туруу жагы комиссиянын төрагасы Ж. Жумаковго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы К.Абдылдаевге тапшырылсын
Ат-Башы айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Абдылдаев |