Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27- сентябры № 6-2
Ат-Башы айылынын административдик аймагында жер салыгын жана 1.2.3.4 тайпадагы мүлк салыгынын объектилерин киргизүү, зоналдык коэффициентти кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөг» № 231 мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун негизинде Ат-Башы айылынын административдик аймагында Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинде» көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактап калуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында депутаттардын Ат-Башы айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан баштап Ат-Башы айылынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин:
- айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, калк конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытына арналбаган жерлерди пайдаландыгы үчүн жер салыгы;
- 1.2.3.4. тайпадагы мүлк объектилеринин мүлк салыгы.
2. Кз зоналдык коэффициенти Ат-Башы айылынын М. Өмүракунов көчөсүндөгү Усенов Акылбектин жана Аалыбаева Алыйбүбүнүн жеке менчигине таандык жер-жемиштер базары үчүн 0,3 өлчөмүндө, калган жерлер үчүн 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Салыктык эсептер Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинин» негизинде жүргүзүлсүн.
4. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом 2014-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Ат-Башы айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Абдылдаев |