Редакцияот 21.10.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кенешинин 5-чакырылышынын кезексиз 4-чү сессиясы

 

2013-жылдын 21-октябры № 6

Кызыл-Туу почтасына имарата берүү жөнүндө

Кара-Коюн айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын байланыш бөлүмүнүн башчысы Жукеева Венеранын арызын карап чыгып Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. К Кара-Коюн айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын байланыш бөлүмүнө кабинет жок болгондугуна байланыштуу Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн конторунун биринчи кабатындагы СПАнын эски кабинети Кызыл-Туу айылынын байланыш бөлүмүнө кабинет катары берилсин.

2. Бул кабинеттинин жазалгасын, электр жарыгын ж.б. камсыздап алуу жагы Кызыл-Туу айылынын байланыш бөлүмүнүн башчысы Жукеева Венерага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Таштановго тапшырылсын.

 

Кара-Коюн айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Н.У. Чынтурова