Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-августу № 39
Жергиликтүү салыктардын түрлөрүн киргизүү жана Кз зоналдык коэффициенте бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү административтик аймагына” жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топторуна Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы № 231 мыйзамын аткаруу менен Кочкор айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кз зоналык коэффициентин бекитүү маселесин караи Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январына чейин “Жергиликтүүү административтик аймагына” жер салыгын жана мүлк салыгынын төмөндөгү түрлөрү бекитилсин.
Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, калктуу конуштардын жерлерин, айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, кароо жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын мүлк салыгын 1,2,3,4, топтогу объектилерин
2. Кз зоналдык коэффициенти 1(бир) өлчөмүндө 2014-жылдын 01-январына чейин бекитилин калтырылсын.
3. Жер салык жана мүлк салыктарынын 1,2,3,4 топтогу объектилери Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык (2 пункуттагы) Кз зоналык коэффициенти эскее алуу менен жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомду каттатуу Нарын облустук адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысыЭ.К. Садыковго жүктөлсүн.
Кочкор айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Чолпонкадыров |