Загрузка документа…
САНТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-сентябры № 7-1
Ак-Кыя айылдык кеңешинин депутаттарынын V-чакырылышы VII-сессиясы
“Жергиликтүү административдик аймагына” жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2.3, топторуна Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы № 231 мыйзамын аткарууу менен Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн көбөйтүү максатында Кз зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн “Жергиликтүүү административдик аймагына” төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргизилсин.
- айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, кароо жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын ;
- мүлк салыгын 1,2,3,4, топтогу объектилерин ;
- Кз зоналдык коэффициенти 1,1 өлчөмүндө бекитилсин.
2.Салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиптери көрсөтүлгөн салыктаргаа бекитилсин.
- жер салыктарына жана мүлк салыктарынын 1,2,3 топтогу объектилерине Кыргызз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык Кз зоналык коэффициенти эскее алуу менен жүргүзүлсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик нормативдик укуктук актыга киргизүү жана каттоого алуугаа Нарын облустук адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. 2014-жылдын 1-январынан тартып токтом күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлгө алууга Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Ак-Кыя айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Абдрахманова |
Ак-Кыя айылдык кеӊешинин катчысы |
А. Асанова |