Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 17-сентябры № 5/34
Жер салыгынын жана мүлк салыгыны 1,2.3 топторуна Кз зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү административдик аймагына» жер салыгынын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топторуна Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы №231 мыйзамын аткаруу менен Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кз зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн киреше боюнча жетектөөчү адис А. Сасыковна билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Жергиликтүүү административдик аймагына” төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргизилсин.
- айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын кароо жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын ;
- мүлк салыгын 1,2,3,4, топтогу объектилерин ;
- Кз зоналдык коэффициенти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиптери көрсөтүлгөн салыктаргаа бекитилсин.
- жер салыктарына жана мүлк салыктарынын 1,2,3 топтогу объектилерине Кыргызз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык Кз зоналык коэффициенти эскее алуу менен жүргүзүлсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик нормативдик укуктук актыга киргизүү жана каттоого алууга Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысыН. Касымалиевага тапшырылсын.
Сары-Булак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Элтуйбасов |