Редакцияот 19.08.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Достук айыл аймагынын айылдык кеңешинин XVI чакырылыштагы депутаттардын VI кезексиз сессиясы

 

2013-жылдын 19-августу № 15

Достук айылынын административдик аймагына жер салыгын жана 1,2,3,4 тайпадагы мүлк салыгынын объектилерин киргизүү жана Кз зоналдык коэффицентин бекитүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы «КР Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү» №231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пункутун жана «Салык Кодексинин» 339-беренесинин 4-пункутунун негизинде, Достук айылынын административдик аймагында, КР «Салык Кодексинде» кѳрсѳтүлгѳн жергиликтүү салыктарды сактап калуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бѳлүгүн толтуруу максатында депутаттардын Достук айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1-январь 2014-жылдан баштап Достук айылынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин:

- айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы;

- 1,2,3,4 тайпадагы мүлк объектилеринин мүлк салыгы;

- Кз зоналдык коэффициенти 1,0 ѳлчѳмүндѳ бекитилсин;

2. Салыктык эсептер төмөндөгү тартипте жүргүзүлсүн:

- жер салыгы жана 1,2,3,4 тайпадагы мүлк объектилеринин мүлк салыгы КР «Салык Кодексинин» негизинде.

3. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук адилет башкармалыгына жиберилсин.

4. Токтом 1-январь 2014-жылдан баштап күчүнѳ кирсин.

5. Бул токтомдун кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Достук айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т. Абдырасуловго тапшырылсын.

 

Достук айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Божокоев