Редакцияот 09.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 9-апрели № 26-10/4

Жер тилкелерин сатыкка коюуу  жана үй куруу үчүн берүүнү текшерүү жөнүндө

Жер тилкелерин сатыкка коюуу жана үй куруу үчүн берүүнү текшерүү үчүн түзүлгөн жумушчу комиссиясынын маалыматын, кеңейтилген отурумдун жыйынтыгын угуп жана талкуулап, ММБДнин башчысынын жана архитектура бөлүмүнүн башкы архитекторунун  комиссинын корутундусуна болгон макул эместиктерин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын X сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каракол шаарынын мэриясынын мыйзамсыз чыккан төмөнкү токтомдору жокко чыгарылсын:

- 06.02.2012-жыл, №41 токтом. (КМЖА)

- 02.02.2012-жыл, №38 токтом (КМЖА)

- 30.112011-жыл, №530 токтом (КМЖА)

- 01.06.2012-жыл, №151 токтом (ЖТК)

- 26.07.2012-жыл, №247 токтом (ЖТК)

- 26.09.2012-жыл, №351токтом (ЖТК)

- 04.12.2012-жыл, №438 токтом (Мейманкана комплекси)

2. Текшерүүнүн материалдары жана Кеңештин токтому аймактар аралык сотко кароого жиберилсин.

3. 28.04.2011-жылы чыккан №03-01/26 муниципиалдык менчик комплексинин Каракол шаардык мэриясынын мамлекеттик  мүлктү башкаруу департаменти  жана Ысык-Көл областтык К.Карасаев атындагы лицейинин ортосундагы кайра түзүлгөн келишим  кайрадан каралсын.

4. Жер тилкелерин жеке үй куруу үчүн жана сатыкка мыйзамсыз берүүгө күнөөлүү адамдардын жеке жоопкерчилиги жана ээлеген кызматтарына шайкештиги         каралсын.

5. Каракол шаарынын мэриясынын мамлекеттик мүлкту башкаруу департаменти, шаардык архитектура бөлүмү, мамлекетти каттоо бөлүмү мындан кийин, Кыргыз     Республикасынын  мыйзамдарын, ченемдик-укуктук актыларды, жер тилкелерин үй куруу үчүн  берүүнүн, муниципиалдык мүлктү сатуунун процедураларын түздөн түз       сакташсын

6. Ушул токтомдун  аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрайымынын орун басары   А.М.Абдыкадыровго жүктөлсүн.

 

Каракол шаардык

кеӊешинин төрайымы

 

А.К. Джумабекова