Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013–жылдын 22-марты № 21
2013-жылга жазгы жана күзгү талаачылык жумуштарынаайыл чарба техникалары менен аткарылуучу кызмат акыларын, мал чарбасынын тарифтерин жана башка штрафтык санкциялардыбекитүү жөнүндө
Теплоключенка айылаймагы боюнча жазгы талаачылык жумуштарына даярдык көрүү жана өз убагында өткөрүү максатында, Теплоключенка айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазгы талаачылык жумуштарына айыл чарба техникалары менен аткарылуучу кызмат акылары төмөндөгүдөй бекитилсин:
1 | Кош айдоо | 800 сом | 25 литр солярка |
2 | Дынды бузуп айдоо | 1000 сом | 30 литр солярка |
3 | Себүү | 300 сом | 10 литр солярка |
4 | Картошкага чөнөк чийдирүү | 300 сом | 10 литр солярка (1-чи борозда) |
5 | Картошка отургузуу | 1200 сом | 20 литр солярка |
6 | Малалоо | 300 сом | 12 литр солярка |
7 | Картошка түптөө | 300 сом | 10 литр солярка |
8 | 1 км арык чийүү | 200 сом | 5 литр солярка |
9 | Эгин оруп жыйуу | 1000 сом | 25 литр солярка |
10 | Химиялык дарылоо | 350 сом | 10 литр солярка |
11 | Картошка казуу | 2500 сом | 25 литр солярка |
12 | Огород айдоо 1 сотка | 40 сом | солярка ичинде |
13 | Чөп тырмоо | 200 сом | 5 литр солярка |
14 | Чөп чабуу (жатка) | 1000 сом | 10 литр солярка |
15 | Чөп пресстоо 1 түк | 12 сом | 10 литр солярка 1 га |
16 | Саман пресстоо 1 түк | 10 сом | 10 литр солярка 1 га |
17 | Отоо жумуштары | 300 сом | 10 литр солярка 1 га |
18 | Травянка | 800 сом | 10 литр солярка 1 га |
19 | Түшүм ташуу 10 км чейин | 500 сом | 10 литр солярка 10 км чейин |
20 | Картошканын сабагын чабуу | 300 сом | 10 лир солярка |
2. Бада бакканга – 300 сом, жайлоодо багуу үчүн айына бир башка: жылкыга 250 сом, бодо малга 200 сом, кой/эчкиге 40 сом.
3. Талаадагы өсүмдүкө кирип талкалаганы үчүн төмөнкүчө айып салынат: жылкы/уйга 1500 сом, кой/эчкиге 300-500 сом; мал багуу үчүн коюлган тарифтерди бузгандыгы үчүн 4000 сом, техника ээлерине бекитилген тарифтерди бузгандыгы үчүн 5000 сом; айыл аймагындагы Мамлекеттик фондунун (ФПС) айдоо жерин субарендага берген ижарачыларга айып 1000 сом жана келишим бир тараптуу бузулат.
4. Таштанды төгүлүүчү жайдан сырткары жерге таштанды төккөндөргө айып 5000 сом салынат.
5. Ушул токтом райондук «Ак-Суу баяны» гезитине жарыялансын.
6. Айылдык кеңештин токтомдору Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын.
7. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Эралиевге жүктөлсүн.
Теплоключенка айылдык кеӊешинин төрагасы |
К.С. Джаныбеков |