Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-марты № 24
Теплоключенка айыл аймагндагы Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттарын бекитүү жөнүндө
Теплоключенка айылдык кеңешинин туруктуу агрардык комиссиянын протоколдук чечиминин негизинде айыл аймагындагы Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттарын карап чыгып, Теплоключенка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ижарага жер алуучулар жаңы келишим түзгөн убакта биринчи жылдын 50% ижара акысы жана соцфонддун төлөмдөрү алдын ала төлөшсүн.
2. Ушул токтом райондук «Ак-Суу баяны» гезитине жарыялансын.
3. Айылдык кеӊештин токтомдору Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын.
4. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Эралиевге жүктөлсун.
Теплоключенка айылдык кеӊешинин төрагасы |
К.С. Джаныбеков |