Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-марты № 27
Теплоключенка айыл аймагындагы Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттарын бекитүү жөнүндө
Теплоключенка айылдык кеңешинин туруктуу агрардык комиссиянын протоколдук чечиминин негизинде айыл аймагындагы Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттарын карап чыгып, Теплоключенка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ижарага берилүүчү жерлердин ижара акысы төмөнкүдөй бекитилсин:
а) 1-категориядагы №№377, 787, 971, 473 контурдагы жерлердин ижара акысы 5000 (беш миң) сомдон кем эмес болсун;
б) 2-категориядагы жерлер №25 контурдагы 50 га, №31 контурдагы 55 га, №231 контурдагы жерлердин ижара акысы 4000 (төрт миң) сомдон кем эмес; №25 контурдагы 54 га жердин ижара акысы 2000 (эки миң) сомдон кем эмес, №31 контурдагы 20 га жердин ижара акысы 5000 (беш миң) сомдон кем эмес болсун;
в) 3-категориядагы жерлер туруктуу агрардык комиссиянын чечими менен ижара акысы бекитилсин.
2. Ушул токтом райондук «Ак-Суу баяны» гезитине жарыялансын.
3. Айылдык кеӊештин токтомдору Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын.
4. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Эралиевге жүктөлсун.
Теплоключенка айылдык кеӊешинин төрагасы |
К.С. Джаныбеков |