Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 26-12/5
Каракол шаардык депутаттар кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарымдуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Н.Осмонбаевдин катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин;
- II-бөлүмдүн 10-пунктунун 7-подпунктундагы, «экиден көп» деген сөздөр «катары менен төрт жолу» деген сөздөргө алмаштырылсын, «бир жылдын ичинде» деген сөздөр алып салынсын.
- III-бөлүмдүн 16-пунктундагы «Каракол шаардык Кеңешинин төрагасы» деген сөздөрдөн кийинки «жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын орун басарлары» деген сөздөр алынып салынсын.
- III-бөлүмдүн 16-пунктундагы «ээлеген кызмат ордуларынан чакырылытары мүмкүн » деген сөздөрдүн ордуна «ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда шайланган көпчүлүк депутаттардын добушунун үчтөн эки добушу менен четтетилиши мүмкүн » деген сөздөргө алмаштырылсын.
- III бөлүм 16-пунктунун пунктундагы «депутатарынын жалпы санынан үчтөн биринен кем эмес топ киргизе алат» деген сөздөр «депутаттардын үчтөн бир бөлүгүнүн же фракциянын демилгеси менен» деген сөздөргө алмаштырылсын.
- III бөлүм 16-пункту «чакырып алуу жөнүндөгү маселени Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын күн тартибинде киргизилет» деген сөздөрдүн алдына «Каракол шаардык депутаттар Кеңешининтөрагасынын орун басарлары депутаттардын үчтөн бир бөлүгүнүн добушу менен ээлеген кызматынан бошотулат» деген сөздөр менен толукталсын.
- XI бөлүм 86-пунктундагы «Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиялары ачык түрдө өтөт» деген сөздөрдөн кийин «Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ачык сессияларында аткаруучу органдын жетекчиси жана башка кызмат адамдары, 18 жашка чыккан тургундар, уюмдардын (юридикалык жактардын), коомдук бирикмелердин, жеригиликтүү өзүн-өзү башкаруунун аймагында аракеттенишкен мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катыша алышат.
- Тургундар, уюмдардын (юридикалык жактардын) коомдук бирикмелердин, жеригиликтүү өзүн-өзү башкаруунун аймагында аракеттенишкен мамлекеттик, өз-алдынча башкаруу органдарынын сессияга катышууну каалаган өкүлдөрү сессиянын башталышына 3 күн калганда, паспорту менен (же жарандыкты аныктай турган документи менен), сессияга чакырылгандар сессия боло турган күнү, паспорт менен келип каттоодон өтүүлөрү зарыл. Каттоо баракчасы сессиянын материалдарына тиркелет.
- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы, сессияга катышууну каалагандарды, сессия өтүүчү жайда бош орундар жок болсо, чектөөгө укуктуу. (Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы сессияга катышууну каалагандарды чектөөгө негиздер кеңейтилиши мүмкүн, бирок ал жабык болууга тийиш)
- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясына катышкан адамдар тартипти сактоого жана төрагалык кылуучунун талаптарына баш ийүүгө милдеттүү, айтылган сөздөргө сын пикир айтууга, айтылган сөздөрдү баа берүүгө, аларды токтотууга акылары жок. Көрсөтүлгөн эрежелер бузулган учурда төрагалык кылуучу сүйлөгөндү эскертет, көрсөтүлгөн эрежелер экинчи ирет бузулса, катышкан депутаттардын көпчүлүгүнүн чечими менен залдан чыгарат.
- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясына катышып жаткан адамдарга катышкан депутаттардын көпчүлүгүнүн чечими менен сөз берилиши мүмкүн.
- Эгерде, сүйлөөчү талкууланып жаткан маселенин чегинен чыкса, сессияда төрагалык кылуучу андан талкууланып жаткан маселеге кайрылууну өтүнөт.
- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында сүйлөгөн адам этика эрежелерин бузууга, депутаттардын, башка адамдардын аброюна шек келтирүүчү, орой, кордоочу сөздөрдү айтууга, бирөөлөрдү негизсиз күнөөлөгөө, жалган маалыматтарды пайдаланууга, мыйзамсыз аракеттерге чакырууга акысыз. Көрсөтүлгөн эрежелер бузулган учурда, төрагалык кылуучу сүйлөп жатканды эскертет, эреже экинчи ирет бузулса, катышкан депутаттардын көпчүлүгүнүн чечими менен залдан чыгарат.
- Каракол шаарынын депутаттар Кеңешинин ачык сессияларына каттоодон өтпөгөн, өзүн туура эмес алып жүргөн жана башкаларга орой мамиле кылган, мас абалындагы, банги заттан мас болгон адамдар, катышкан депутаттардын көпчүлүгүнүн чечими менен сессияга катыштырылбай.
2. 20-июль 2009-жылдагы Кыргыз Республикасынын «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик реестерге ченемдик укуктук актыларына киргизүү үчүн областтык башкаруу юстициясына жиберилсин.
4. Токтом ММКларга жарыялангандан соң күчүнө кирет
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Усупбаев) жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысы Э.А.Майрыковго жүктөлсүн.
Каракол шаардык кеңешинин төрагасы |
У.С.Турсунбаев |