Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 26-12/6
АРИС программасы тарбынан каржылангана турган балда аянтчаларын куруу үчүн
жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төраганын орунбасарын А.М.Абдыкадыровдун билдирүүсүн угуп, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС программасы тарабынан каржыланга турган балдар аянтчаларын куруу үчүн, Каракол шаарынын мэриясынын ММБДи төмөнкү жер тилкелерин бөлүп берсин:
- Пристань-Пржевальск поселегунда, мурда мечит куруу үчүн бөлүнүп берилген жер тилкесин;
- Токтогул атн. жана Ысык-Көл көчөлөрүнүн кесилишинде, “Тулпар” комплексинин маңдайындагы жайгашкан кичи-футбол аянчасынын жанындагы жер тилкесин;
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик реестерге ченемдик укуктук актыларына киргизүү үчүн областтык башкаруу юстициясына жиберилсин.
4. Токтом ММКларга жарыялангандан кийин күчүнө кирет
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жер пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (Т.М.Өмүров) жүктөлсүн.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы |
У.С.Турсунбаев |