Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 26-12/9
Каракол шаарындагы 10км жолду оңдоонун
долбоордук-сметалык документацияны бүтүрүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Р.У.Калыгуловдун 04.06.2013-жылдагы кириш №1/16-805 катын карап жана талкуулап, 10км жолду оңдоонун долбоордук-сметалык документацияны бүтүрүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, ишмердүүлүктү колдоо жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын каржы бөлүмүнүн башчысы Ч.Ш.Акматов 10км жолду оңдоонун долбоордук-сметалык документациясын бүтүрүү үчүн 1400 миң сом өлчөмүндө акча каражатын таап, бөлүнүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы “Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик реестерге ченемдик укуктук актыларына киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларга жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, каржы, соода, өнөр жай, ишмердүүлүктү колдоо жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (К.И.Алымбаев ) жүктөлсүн.
Каракол шаардык кеңешинин төрагасы |
У.С. Турсунбаев |