Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 26-12/10
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 09.04.2013-жылдагы №26-10/11
«№14 бала-бакчасын ачуу жөнүндөгү»
токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысы Э.А.Майрыковдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 09.04.2013-жылдагы №26-10/11 «№14 бала-бакчасын ачуу жөнүндөгү» токтомго кошумча, төмөндөгү редакциядагы №3 пункт киргизилсин:
Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы, жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
2. Токтомдун калган пункттары өзгөртүүсүз калтырылсын.
1. 2013-жылдын 1-сентябрынан тартып Каракол шаарындагы Гебзе №35 дарегинде 6 тайпалык бала - бакча ачылсын.
2. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик Университети менен Каракол шаарынын мэриясынын ортосундагы келишим түзүлгөндөн баштап, имараттын сакталышын камсыз кылуу максатында, билим берүү бөлүмүнө 2 кароолчуну штаттык сыраттаманын негизинде кармоого уруксат берилсин.
3. Бул токтомго көзөмөл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Н.Баратова) жана Каракол шаарынын вице-мэри Г.Ж.Орозовага жүктөлсүн.
3. 20-июль 2009-жылдагы Кыргыз Республикасынын «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
4. Бул токтом Мамлекеттик реестерге ченемдик укуктук актыларына киргизүү үчүн областтык башкаруу юстициясына жиберилсин.
5. Токтом ММКларга жарыялангандан соң күчүнө кирет
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Усупбаев) жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысы (Э.А.Майрыковго) жүктөлсүн.
Каракол шаардык кеңешинин төрагасы |
У.С.Турсунбаев |