Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 26-12/11
Брусчатка чыгаруучу цехти ачуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Р.У.Калыгуловдун 04.06.2013-жылдагы чыгыш №1/16-803 «Брусчатка чыгаруучу цехти ачуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү» катын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын каржы бөлүмүнүн башчысы Ч.Ш.Акматов, Каракол шаарынын 2012-жылдын бюджетин аткаруу жыйынтыгы боюнча 2013-жылдын башындагы эркин калдыктагы жол оңдоого акча каражаттын эсебинен, брусчатка чыгаруучу цехти ачуу үчүн жана аны иштетүүгө керектелүүчү материалдарды алуу үчүн 496,800 миң сом Каракол шаарынын мэриясына акча каражатын бөлүп берсин.
2. 20-июль 2009-жылдагы Кыргыз Республикасынын «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик реестерге ченемдик укуктук актыларына киргизүү үчүн областтык башкаруу юстициясына жиберилсин.
4. Токтом ММКларга жарыялангандан соң күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, каржы, соода, өнөр жай, ишмердүүлүктү колдоо жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (К.И.Алымбаев).
Каракол шаардык кеңешинин төрагасы |
У.С.Турсунбаев |