Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-июлу № 26-13/7
Пионерская №29 дарегинде жайгашкан турак жайды №7
бала-бакчасынын директорунун кабинети менен алмаштыруу жөнүндө
Каракол шаарынын ММБДнин башчысы М.Ш.Рыскелдиевди 26.06.2013-жылдагы чыгыш №01/19-240 катын карап жана талкуулап, унаа, турак жай, энергетика, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясына баардык керектүү иш кагаздарды даярдалып жана тиешелүү келишим түзүлгөндөн соң, ММБД сунуш кылган алмаштыруу жөнүндө тиешелүү чечимди кабыл алууга уруксаат берилсин,
2. Экинчи жак келишимдин шарттарын аткарбаса бул токтом өз күчүн жоготот.
3. 20-июль 2009-жылдагы Кыргыз Республикасынын «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
4. Бул токтом Мамлекеттик реестерге ченемдик укуктук актыларына киргизүү үчүн областтык башкаруу юстициясына жиберилсин.
5. Токтом ММКларга жарыялангандан соң күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү унаа, турак жай, энергетика, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына (Э.А.Айсаракунов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Каракол шаардык кеңешинин төрагасы |
У.С.Турсунбаев |