Загрузка документа…
АК-БУЛУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 12 февралы № 4
Ак-Булун айыл аймагында жер салыктарын жана 1.2.3 топторго кирген мүлктөрдөгү обьектилерге мүлк салыгын жана зооналдык маанидеги коэфценти КЗ бекитүү жөнүндө
17.10.2008-жылы кабыл алынган № 231 Кыргыз Республикасынын законунун 3 беренесинин 3 пунктун аткаруу үчүн Ак-Булун айыл округунун Жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө салыктардын түшүшүн көбөйтүү жана сактап калуу максатында Ак-Булун айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Булун айыл аймагында 2014-жылдын 1-январынан баштап салыктын төмөндөгүдөй түрлөрү киргизилсин;
1) Айыл чарба багытындагы жерлердин жер салыгы; (салык кодексин негизинде)
2) Айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы; (Салык Кодексинин негизинде)
-пайдаланып жаткан жерлерге КЗ-1,2
-пайдаланылбай жаткан жерлерге КЗ-1,0 зоналдык коэфцент киргизилсин;
3) Короо жай салыгы (СК негизинде)
4) Акыр-чикир чыгаруу жыйымы;(СК негизинде)
-ар бир туруктуу жашоочуга жана айыл аймагындагы мекеме ишканалардын ар бир кызматкерлерине 8 сом дон бекитилсин.
5) Мүлктүн 1.2.3 топтогу обьектилерине мүлк салыгы (СК негизинде)
-зоналдык коэфценти КЗ-1,0 өлчөмүндө киргизилсин;
6) Мамлекеттик жана муниципалдык жерлердин, обьектилердин ижара акылары
2. Салык эсептерин коюунун тартиби:
-жер салыгы,мүлктүн 1.2.3 топтогу обьектилерине мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинде ылайык жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомдогу Мамлекеттик нормативдик укуктук актылардын
Реестирине киргизүү үчүн Ыссык-Көл областтык юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Булун айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д.Дауткулова милдеттендирилсин.
Ак –Булун айыл кеңешинин төрагасы |
Э. Джумагулов |