Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-сентябры № 30
Арал айыл аймагында 2014-жылдын 1-январынан баштап киргизилүүчү салыктын түрлɵрү жана калктуу пункттардын, айыл чарба багытында эмес жерлердин экономикалык пландоо ɵзгɵчɵлүктɵрүнɵ жараша зоналдык коэффицентти аныктоо жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Молдалиев С.Н «Арал айыл аймагына 2014-жылдын 1-январынан баштап киргизилүүчү салыктын түрлɵрү жана калктуу пункттардын, айыл чарба багытында эмес жерлердин экономикалык пландоо ɵзгɵчɵлүктɵрүнɵ жараша зоналдык коэффицентти аныктоо» тууралу маалыматын угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан баштап Арал айыл аймагына төмөндөгү салыктын түрлөрү киргизилсин:
- айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, айыл чарба багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, үйдүн жанындагы, чарбак жанындагы жана бак-огород жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
- мүлк салыгынын 1,2,3 тобу;
- К-3 зоналык коэффиценти төмөндөгүлөр үчүн коюлсун:
- магазиндер, киосктар, ларектор үчүн К-3=1,2
- Арал айылындагы «Сүт-Булак» ЖАК үчүн К-3=1,2
- кашарлар жана хранилищалар үчүн К-3=1,0
- мүлк салыгы үчүн 1,2,3, К-3=1,0
- калктуу пункттардын жерлерин пайдалангандар үчүн К-1=1,0
2. Жер салыгынын, мүлк салыгынын 1,2,3-топторунун эсептелиниши жана тɵлɵɵ мɵɵнɵттɵрү Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайыктуу аныкталсын.
3. Токтом Нормативдик-укуктук актылардын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгына жɵнɵтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Арал айылдык кеӊешинин төрагасы |
Г.А. Жаныбаева |