Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-сентябры № 28/8-9
Чолпон-Ата шаарынын административдик аймагындагы жер салыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрь №231 “Салык кодексин колдоноога киргизүү жөнүндөгу” Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктун жана Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүн иш жүзүнө ашыруу максатында жана жергиликтүү бюджетти көбөйтүү үчүн Чолпон-Ата шаардык Кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан тартып Чолпон-Ата шаарынын административдик аймагында төмөнкү салык түрлөрү киргизилсин:
-Айыл чарба багытындагы жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салык;
-Айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салык;
-үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторон пайдалангандыгы үчүн жер салык;
-Мүлк салыгынын 1чи, 2чи, 3чу тобо
2. К3 зоналдык коэфициенти 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Мүлк салыгына жана жер салыгына Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде эсептоолор жүргүзүлсүн.
4. Токтом мыйзам чегинде каттоодон өткөрүлүп, юстиция башкармалыгына көчүрмөсү жиберилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде расмий маалымат каражаттарында жарыялансын.
6. Ошол токтом Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин ченемдик укуктук актыларды каттоо реестрине №7 болуп катталсын
7. Токтом 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
8. Токтомдон аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тордобековго тапшырылсын.
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Иманбеков |