Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-июлу № 4
Күзгү оруп жыйууга дан комбайндарынын даярдыгы жана тарифтери жөнүндө
2013-жылдын күзгү оруп жыйуу өнөктүгүн жогорку денгээлде өткөрүү үчүн айыл башчыларынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күзгү оруп жыйууга дан комбайндарынын тарифтери төмөндөгүдөй белгиленсин:
- Комбайндардын тарифтери 1га жер үчүн жерди оруп жыйуу үчүн – 1000(миӊ) сом, 20 литр солярка;
- Картошка казуучу копалка 1 га картошка аянты үчүн – 3000(үч миӊ) сом, 25 литр солярка;
2. Тарифтерди сактап турууга сезон башталганга чейин калк арасына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл башчыларына жана айыл өкмөтүнө милдттендирилсин.
3.Токтом айылдык Кенештин укуктук-ченемдик актыларды каттоо журналына катталсын.
4.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
5. Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү үчүн жиберилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу закондуулук жана укук коргоо боюнча туруктуу комиссияга, айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жусуповго жана жооптуу катчы З.Дюшембиевага жүктөлсүн
Боз-Учук айылдык кеӊешинин төрагасы |
Н. Бактыбаева |
Боз-Учук айылдык кеӊешинин жооптуу катчы |
З. Дюшембиева |